Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште финалга чыкты
RU

Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египеттин Александрия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмакта 1/8 финалдык баскычтан старт алып, катары менен Франция, АКШ жана Украинанын спортчуларды жеңип, финалга жолдомо алды.

Эми финалдык беттеште Тыныбекова кытайлык спортчу Сяожлюан Луо менен беттешет.

Эскерте кетсек, учурда Египетте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча "Ibrahim Moustafa" мелдеши өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10497