Акылбек Талантбеков Египеттеги эл аралык мелдеште финалга чыкты
RU

Акылбек Талантбеков Египеттеги эл аралык мелдеште финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египеттин Александрия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акылбек Талантбеков финалга чыкты.

Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/4 финалдык баскычтан баштап күрөшүп, 82 килограммга чейинкилер арасынан биринчи баскычта алжирлик балбанды жеңип, жарым финалда немис баланын утту.

Финалда Акылбек Талантбеков грузиялык балбан менен беттешет.

Эскерте кетсек, учурда Египеттин Александрия шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча "Ibrahim Moustafa" мелдеши өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10498