Кыргызстан былтыр алтынды эң көп Кытайга экспорттогон
RU

Кыргызстан былтыр алтынды эң көп Кытайга экспорттогон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстандан дээрлик 13,1 миллион долларлык алтын экспорттолгон.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Кытайга 202 килограммдан ашык алтын экспорттогон. Жалпы сумма 11,9 миллион долларды түзгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз.

Ошондой эле Кыргызстандан эң көп алтын импорттоочу өлкөлөрдүн бири Түркия. Аталган мамлекет 2022-жылы Кыргызстандан 789 миң долларга 83,5 килограмм баалуу металл сатып алган.

Кыргыз алтынын сатып алуу боюнча Бириккен Араб Эмираттары үчүнчү орунда турат. Алар 4,9 килограмм кымбат баалуу металлды дээрлик 300 миң долларга импорттоп, жалпысынан Кыргызстан башка өлкөлөргө 290,5 килограмм алтын экспорттогон.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10500