Президент: Депутаттарга "Кумтөрдүн" алтынын карматып, сүрөткө тартып койгула
RU

Президент: Депутаттарга "Кумтөрдүн" алтынын карматып, сүрөткө тартып койгула

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров депутаттарды Улуттук банкка чакырып, "Кумтөрдүн" алтын куймалары менен сүрөткө түшүрүп койгула деди. Бул туурасында ал министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында айтты.

Өлкө башчы Улуттук банкта чындап эле 40 тонна алтын сакталып турабы деп кызыкты.

"Ооба, Улуттук банкта 40 тоннага жакын алтын сакталып турат. Парламенттен бизге депутаттык комиссия келип, алтындын сакталып турганын тактап кетиши керек болчу. Биз аларды күтүп жатабыз", - деди банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.

Президент депутаттарды алтындын жанында сүрөткө тартууну сунуштады. "Депутаттарды чакырбайсызбы. Мына деп алтынды карматып, сүрөткө түшүрүп койбойсузбу. Эми бул албетте, тамаша. Комиссия эмне болуп жатат? Эртерээк келип жыйынтык тууралуу элге маалымат айтышса жакшы болмок", - деди мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9751