7 облустун акимдерине Chevrolet Captiva кызматтык унаалары берилди. Сүрөттөр
RU

7 облустун акимдерине Chevrolet Captiva кызматтык унаалары берилди. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Манас, Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун акимдерине кызматтык автоунаалар тапшырылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, унааларды тапшыруу аземи бүгүн, 25-февралда өттү.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы эксперти Каныбек Абдрахманов тапшырды.

"Көп жылдан бери чечилбеген маселе бүгүн ишке ашып отурат. Ачык айтканда, айрым райондордун акимдеринин кызматтык автоунаасы такыр эле эскилиги жетип "автоунаа" деген аты гана бар болчу. Президентибиз Садыр Нургожевич Жапаровдун демилгеси менен берилген автоунаалар ак жолтой болсун!

Буюрса, акимдерге кызматтык батирлер да курулуп жатат. Жакында шаарлардын мэрлерине да кызматтык электро унаалар берилүүсү күлүүдө.

Аткаруу бийлигине бардык тийиштүү шарттар түзүлдү. Эми президентибиздин ишеничин актап элге кызмат кылышыбыз керек", - деди Бакытбек Нарбеков.

Андан тышкары Ош облусундагы 7 райондун акимдерине да кызматтык унаалар берилди.

Чүй облусунун райондорунун акимдерине кызматтык унааларды резиденттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору А.Кутманов жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаев тапшырды.

Жалал-Абад облусундагы 8 райондун акимине кызматтык унаалар тапшырылды. Ачкычтарды президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тапшырды.

Кызматтык унаалар Ысык-Көлдө облусундагы акимдерге да тапшырылды. Автоунаалардын ачкычын район жетекчилерине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов берди.

Кызматтык унаалар Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчыларына да берилди.

Автоунаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10509