Эрназар Акматалиев, Тайырбек Жумашбек уулу Египеттеги турнирде алтын утушту
RU

Эрназар Акматалиев, Тайырбек Жумашбек уулу Египеттеги турнирде алтын утушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египеттеги рейтингдик турнирде Эрназар Акматалиев алтын медаль утту. Финалдык беттеш 26-февралда өтүп, анда Акматалиев АКШлык Лукас Дакота Читтумду 10:0 эсебинде утту.

Белгилесек, Акматалиев жарым финалда өзбекстандык, грузиндик жана кыргызстандык Орозбек Токтомамбетовду жеңген.

Ушул эле мелдеште Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча жеңүүчү болду.

Ал 26-февралда 61 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, Армениянын, Өзбекстандын, Ирандын спортчуларын жеңип, финалга чыгып, Украинанын өкүлүн жеңип алды.

Буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло байге алган.

Ал эми мырзалар арасында күч сынашкан кыргыз курамасынын мүчөлөрү бир күмүш, эки коло медалга ээ болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10525