"Компаниялар кенемте төлөштү". Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу президентке кайрылды
RU

"Компаниялар кенемте төлөштү". Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөрдүн" жана "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров президентке кайрылды. Ал Тенгиз Бөлтүрүктүн камакка алынганына 5 айдын тегереги болгонун, кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.

"Кумтөрдү" кыргыз элинин менчигине кайтаруудагы сиздин опол-тоодой эмгегиңизди эч ким тана албайт, ошондой эле "Кумтөр" үчүн күрөшүп жүрүп үй-бүлөңүздө чоң жоготуулар болгону элдин эсинен кетпейт.

"Кумтөр" үчүн күрөштө 1 000 000 000$ доллар өлчөмүндөгү сунушту четке кагып, кыргыз элибиздин менчигине "Кумтөрдү" алып бергеңизди баары эле биле бербейт.

Болбосо, 30 жылдык тарыхыбызда "Кумтөрдү" алууга канча жолу аракет болуп, бийлик жең-ичинен олчойгон акчаны алып коюп, элдин алтынын канадалык көпөстөр жеп келгени да азыркы убакытта айдан ачык.

Аздыр-көптүр болсо да Тенгиз Бөлтүрүк сиздин командаңызда иштеп калды, кичине болсо да анын "Кумтөр" маселесин чечкенге салымы бар. Ошондой эле Тегиз Бөлтүрүк катардагы жаран гана эмес, мурдагы убактылуу башкаруучу.

Эң оболу Тенгиз Бөлтүрүк күнөөгө коюп жаткан иш-аракеттерден бир да тыйын алган жокмун деп баса белгиледи жана бардык катачылыктар үчүн сизден кечирим сурады. Мунун баары сиздин ишенимиңизди актоого багытталган анын шашма, туура эмес аракетинен келип чыкканын түшүндүрдү. Ал "Кумтөрдүн" айланасында президенттин жана анын командасында иштеген биздин кылган аракетибиз келечекте айтылат, эл, тарых баасын берет деди.

Айтып коюучу нерсе, азыркы убакта Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши дыкат иликтенип, ТОО "Apollo Resources" (Казакстан) тарабынан 137 568 642 сом, ошондой эле ОсОО "ЦентралАзияМеталл" тарабынан 20 000 000 сом төлөнүп берилди жана жакында да бул тармакта жаңылыктар болот.Мүмкүнчүлүк болсо бул ишти өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алууңузду өтүнөбүз. Бир жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.", - деди жактоочу.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим жана ырайым кылууну суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10534