Президент: Кийинки жылдан тарта мамлекет Бишкек шаарына мектептерди курбайт
RU

Президент: Кийинки жылдан тарта мамлекет Бишкек шаарына мектептерди курбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кийинки жылдан тарта мамлекет Бишкек шаарына мектептерди курбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билим берүү министри Каныбек Иманалиевди кабыл алганда айтты.

Мамлекет башчынын пикиринде, Кыргызстанда жеке билим берүүнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Мындан улам быйыл борбор калаада акыркы пландалган объектилер курулат, андан кийин мамлекеттик курулуш токтойт.

"Быйыл 12 бала бакча, бир чоң мектеп курабыз. Муну менен Бишкектеги курулуш бүтөт. Бишкекте мындан ары мектеп, бала бакча курулбайт. Эгерде ушундай муктаждык болсо, бизнесмендерге өткөрүп беребиз. Аларга жерди бекер беребиз, коммуникация жүргүзөбүз, мектеп же бала бакчаларды өздөрү куруп беришсин. Биз аймактарга да ушундай мүмкүнчүлүк беребиз", - деди президент.

Президенттин айтымында, жакынкы 2-3 жылда аймактарда авариялык абалда деп табылган мектептердин ордуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100гө жакын мектеп курулат.

"Алар оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин айылдарга мектеп салбайбыз, курабыз дегендер болсо, аларга шарт түзүп беребиз. Мектепти мамлекет куруп, каржылашы шарт эмес. Жеке бизнестерге да укук берели. Мисалы Бишкекте бардык шарттары менен бир канча жеке менчик мектеп, бала бакчалар бар. Ал жакта байлардын балдары окуйт. Мамлекет кедейлердин балдарын окутат", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10541