Издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда колго түшүрүлдү
RU

Издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген чет элдик жаранды кармашты. Бул тууралуу коопсуздук комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу чет элдик жаран уюшкан кылмыштуу топтун курамында оор кылмыш жасап, баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10543