Түн ичинде катталган кырсыктын чоо-жайы: Айдоочулар жеринде каза болушкан
RU

Түн ичинде катталган кырсыктын чоо-жайы: Айдоочулар жеринде каза болушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын кайгуул кызматынан Бишкекте түн ичинде катталган жол кырсыгынын чоо-жайын айтышты. Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен айдоочулар жеринде каза болушкан.

Автокырсык 27-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында катталган. Анда Honda Stream унаасын 46 жаштагы Р.С. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал эми Honda Fit унаасынын рулунда 32 жаштагы Р. уулу У. болгон. Унаалар Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушкан. Honda Stream унаасында 45 жаштагы М.Г. жана 15 жаштагы А.А. жүргүнчү катары бара жаткан. Honda Fit унаасынын үч жүргүнчүсү (аты-жөндөррү такталууда) ар кандай оор жаракаттары менен шаардык ооруканаган жеткирилген.

Учурда унаалар айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10560