Өлкөдө бала бакча ачууга керектелген лицензия азырынча жокко чыгарылбайт
RU

Өлкөдө бала бакча ачууга керектелген лицензия азырынча жокко чыгарылбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган лицензия 1-марттан тарта жокко чыгарылбайт. Бул тууралуу Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда лицензиялоо тууралуу өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча кат даярдалып жатат.

"Азырынча так датасы билине элек. Министрликтин юристтери бул боюнча кеңешип, лицензиялоо тууралуу өкмөттүн токтокмуна өзгөртүү киргизүү боюнча кат даярдалып жатат", -деп билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 28-февралда Бишкекте өткөн "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгеси уюштурган жолугушууда министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев 1-марттан тарта Кыргызстанда бал бакча ачуу үчүн талап кылынган лицензия жокко чыгарылаарын айткан.

"Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөн. Анда бала бакчаларды, жеке мектептерди ачуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу жана талаптарды жеңилдетүү, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу, билим берүү деңгээлин баалай турган ыкмаларды иштеп чыгуу камтылган.

Каныбек Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин 24 депутаты демилгелеген "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун колдой турганын айткан.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1700гө чукул бала бакча бар. Аларда тарбияланып жаткан балдардын саны 200 минге жакын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10575