Эки бөйрөгүнөн жабыркаган памирлик кызга кыргызстандыктар 5 миң доллар топтошту
RU

Эки бөйрөгүнөн жабыркаган памирлик кызга кыргызстандыктар 5 миң доллар топтошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки бөйрөгүнөн жабыркаган 10 жаштагы памирлик Кандигүлгө кыргызстандыктар 5 миң доллар каражат топтошту. Бул туурасында Турганбай Памири билдирип, каражатты бейтаптын жакындарына которгонун айтты.

"Учурда Кандигүл Кабулдагы ооруканалардын биринде жатат. Бөйрөк алмаштыруу боюнча операция Кабулда жасалбайт экен, чет өлкөдөн жасатуу зарыл болууда. Кандигүлдүн эч кандай документи жок болгондуктан чет жакка чыга албай жатат. Ушул документ алуу боюнча аракеттер болот", - деди ал.

Белгилесек, Памирде жашаган этникалык кыргыз Кандигүлдүн бир бөйрөгү жарабай калганы февраль айында маалым болгон. Ал 1 жылдан бери ооруп жүргөнү, шишип кеткени айтылган. Мындан улам ага каражат топтоо башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10586