Жогорку кеңеште Тажикстандагы кыргыздардын маселеси көтөрүлдү
RU

Жогорку кеңеште Тажикстандагы кыргыздардын маселеси көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште депутат Балбак Түлөбаев Тажикстандагы этникалык кыргыздар маселесин көтөрүп, чек арадагы чатактан кийин алардын абалы оорлошконун айтты.

"Тажикстандагы кыргыздар аябай катуу кыйналып жатыптыр. Биздин элчи же Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда жашаган кыргыздарга бир барып, эмне көйгөйлөрү бар экенин карап берсе. Өтө көп көйгөйлөр бар деп айтып жатышат. "Аябай кыйналып жатабыз, келип сураган эч ким жок, чек ара чатагынан кийин да абал татаалдашып кетти" деп телефон чалышууда",-деди ал.

Акыркы маалыматтарда Кыргызстанга Тажикстандан 30 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келгени айтылат. Алардын көбү "Кайрылман" макамын алгандар.

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Мунун 338и Тажикстандан келгендер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10592