Мурда 2 жолу соттолгон жаран жасалма документ менен жер тилкесин сатмакчы болгон
RU

Мурда 2 жолу соттолгон жаран жасалма документ менен жер тилкесин сатмакчы болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда жер алам деген тургун 650 миң сом акчасынан кол жууган. Аны алдоого шектелген жаран кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жергиликтүү тургун Р.Я. милицияга кайрылып, Араван районунун 41 жаштагы И.Х. аттуу тургунуна жана "Глобал Принт" ишканасынын жетекчиси Д.Мга карата арыз жазган. Анда 2022-жылдын ноябрь айында Араван районунун Чарбак айылынан эки жер тилкесин алып беребиз деп 650000 сом акчасын алып кетишкен бойдон качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 27-февраль күнү кылмышка шектүү катары Араван районунун тургуну 47 жаштагы Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жана анын шериги И.Х. жабырлануучуга жер тилкелерин алып беребиз деп, 650000 сом акчасын алышып, А.Анаров айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү токтомун беришкен.

Соттук кол жазма жана документтердин техникалык экспертизасынын корутундусунун негизинде жогорудагы токтом жасалма экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча 209-берене (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Ош шаардык соту тарабынан шектүү 1 айга камакка алынды.

Кылмышка шектүү 2017-жылы алдамчылык жана документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери менен 2 жолу соттолгон.

Белгилей кетсек, 2005-жылдан баштап 2023-жылга чейинки мезгилде Ош облусунун аймагында бөтөн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге 16199 жаран мыйзамсыз турак жай курушкан. Алардын ичинен:

  • 12111 адамдын мыйзамдаштыруу үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга жазган арыздары катталган;
  • кайрылгандардын ичинен 170 кишинин турак жайы мыйзамдаштырылган;
  • бүгүнкү күндө 331 турак жай мыйзамсыз деп табылып, пайдубалдары бузулуп жерлер мурдагы калыбына келтирилген;
  • 193 турак жайдын ээлерине бузуу жөнүндө эскертүүлөр берилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10593