Каныбек Иманалиевден депутат "крокодил окуясын" сурады
RU

Каныбек Иманалиевден депутат "крокодил окуясын" сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Билим берүү жана илим министрине талапкер Каныбек Иманалиевге Нарын дарыясынан крокодил табылган, табылбаганына кызыкты.

Анын суроосуна Иманалиев:

"Крокодил эмес ит балык да таба алышкан жок",-деп жооп берди.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев 2019-жылы депутат болуп турганда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып "ага каршы кылмыш ишин ачып, далил табуу Нарын дарыясынан крокодил табуу менен барабар экенин" айткан.

1-мартта министрликке талапкерлиги каралып жатканда Арсланбек Малиев ошол окуяны эске салды.

Белгилей кетсек, жыйында депутаттар Иманалиевдин талапкерлигин колдошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10596