2022-жылы Кыргызстанга 172 миллион долларга мобилдик аппараттар алынып келген
RU

2022-жылы Кыргызстанга 172 миллион долларга мобилдик аппараттар алынып келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстанга 172 миллион долларга смартфондор импорттолгон.

"Кыргызстан смартфондордун көбүн Кытайдан – 115 миллион долларга, Индиядан – 25,5 миллион долларга жана Вьетнамдан – 24,7 миллион долларга импорттогон. Ошондой эле өлкөгө мобилдик аппараттар Түштүк Кореядан 5 миллион долларга жана Казакстандан 1,6 миллион долларга алынып келген", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Кыргызстан 71,5 миллион долларлык смартфондорду экспорттогон. Эң көп БАЭге – 69,2 миллион долларга жана Өзбекстанга – 2,2 миллион долларга. Ошондой эле Чехияга, Италияга жана Россияга өлкөдөн мобилдик телефондор чыгарылган.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10609