"Оозуңа карап сүйлө!" Депутаттар жана Жапаровдун өкүлү жыйын учурунда кайым айтыша кетишти
RU

"Оозуңа карап сүйлө!" Депутаттар жана Жапаровдун өкүлү жыйын учурунда кайым айтыша кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда депутат Алтынбек Сулайманов менен Мирлан Жээнчороев парламенттеги президенттин өкүлү Анарбек Калматов менен кайым айтыша кетишти.

Шайлоонун преференциалдык системасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралгандан кийин Калматов сөз сураган. Ал талкууларды юрист катары угуп отурганын айтып:

"Мыйзам, жакшы мыйзам экен. Бирок анда көп мүчүлүштүктөр бар. Ал 2019-жылы киргизилип, 2020, 2021-жылы комитеттен өткөн. Өзүңөр билгендей жаңы конституциянын долбоору үчүн 11-апрелде добуш берилет. Ошол конституция кабыл алынгандан кийин ушул мыйзамдардын бардыгы өзгөрөт. Бирок, кечээ, жакында президент жарылкка кол койгон экен. Ошол шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча жарлык экен. Сиздин да фамилияңыз жүрөт Алтынбек Турдубаевич. Менин жеке оюм, ушул президенттин жарлыгын да бир аз сыйлап коелу. Эртең дагы бир отурум өтөт экен. Ошону эртең дагы бир жолу жакшылап талкуулап анан алып чыксаңар жакшы болот эле, деген оюмду айтып жатам силерге", - деди ал.

"Туура айтып жатасыз. Ал отурумда шайлоо мыйзамы каралат. Ушул мыйзамды биз аягына чейин алып баралы, деген принцип жок. Келечектеги шайлоого иштесе экен, деген эле ой. Бул жерде эч кандай талаш маселе жок", - деп Сулайманов жооп берди.

"Оюуңузду түшүндүм. Эми ошону шашылбай эле, паравоздун алдына чуркабай эле, ушу отурумдан кийин киргизсе жакшы болобу деген эле маселе", - деди Калматов.

"Ким паравоздун алдында чуркап баратыптыр? Сиз сөздү башка жака бурбаңыз. Кошоматчылыкты сиз башка жактан чабыңыз, андай болбойт", - деп Сулайманов туталанды.

"Анда башкача сүйлөшөлү! Кошоматчы деген сөздү кошпоңуз. Кошомат кылып жаткан эч ким жок. Президенттин указын айтып жатам, мен бул жакта. Мен өзүмдүн милдетимди аткарып жатам!", - деди президенттин өкүлү.

"Эмнени талашып жатасыз, түшүнгөн жокмун", - деп жооп берди Сулайманов.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Мирлан Жеенчороев сөз алып: "Мен, урматтуу президенттин өкүлүнөн суранат элем. Сиз президенттин өкүлү катары так анын позициясын айтыңыз. Ал эми юрист катары бул жактан өз позицияңызды айтканга укугуңуз жок. Эгер, эксперт катары оюңузду билдиргиңиз келсе, тегерек стол уюштуруңуз, же демилгечи менен жолугушуп, тастыктап өзүңуздүн оюңузду бөлүшө бериңиз. Бул залда президенттин пикирин гана айтыңыз. Жеке пикириңзди билдирүүгө кызмат абалыңыз мүмкүнчүлүк бербейт", - деди.

"Сиз мени үйрөтпөңүз. Эксперттик кылба деп жатасыз. Менин колумда президенттин жарлыгы турат. Ошону гана айтып койдум мен", деп Калматов жооп кайтарды.

"Стенограмманы алып карап көрсөңүз", - деп Жээнчороев сунуштады.

"Сизге керекпи, сиз караңыз", - деди Калматов.

Жеенчороев спикер Талант Мамытовго кайрылып, "Мына, бул өзүм билемдикти залдан чыгарып салыш керек. Сыйлап иштесин. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деди.

"Оозуңузга карап сүйлөңүз. Хорошо?", - деп Калматов жооп кайтарды.

Спикер Талант Мамытов "урматтуу депутаттар токтоткула", - деп аларды тынчтанууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1060