Президент Балыкчыдагы аскердик техникаларды, куралдарды оңдоо базасына барды
RU

Президент Балыкчыдагы аскердик техникаларды, куралдарды оңдоо базасына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты. Президенттин маалымат кызматынан Жапаров аталган борборго бүгүн, 2-мартта барганын кабарлашты.

Белгилүү болгондой, аталган база 2022-жылдын октябрь айында ачылган. Анда курал-жарактарды жана аскердик техниканы максатына жараша колдонууга даярдоо үчүн комплекстүү техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мамлекет башчы борбордук базанын бир нече объектилерин: зооттолгон танкалык техниканы (танктарды жана БМП) тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоо автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүү үчүн корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун, ошондой эле оңдоодон өткөн зооттолгон танкалык техниканы көрүп чыкты.

2023-2024-жылдарга базанын аймагын кеңейтүү, зооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көп нерселер пландалып жатканы маалымдалды.

Андан соң Садыр Жапаров курал-жарак жана ок-дары кампаларынан турган ракеталык жана артиллериялык куралдардын кампасын көрүп чыкты. Ал жерде бюджеттен тышкаркы каражатка бир катар сактоочу жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңылары курулган. Жакынкы аралыкта оңдоо иштерин улантуу, коопсуздук системасынын жаңы элементтерин орнотуу жана кирүүчү жолдорду жабдуу пландалууда.

Мамлекет башчы курал-жарактын, аскердик жана атайын техниканын, жабдыктардын жана формалык кийимдердин үлгүлөрү менен таанышты, ошондой эле айлана-тегеректеги шарттардан көз каранды болбогон медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл дарылоо жабдуулар менен жабдылган мобилдик аскердик талаа госпиталын карап чыкты.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10614