Аламүдүндө жактоочунун жардамчысы пара менен кармалды
RU

Аламүдүндө жактоочунун жардамчысы пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери жактоочунун жардамчысын пара алып жаткан учурда кармады. Коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, кармалган адам соттук иштерге жардам берүү үчүн акча опузалаган.

Айтылгандай, УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүүнү суранган. Арыздын негизинде 343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. акча алуу учурунда кармалды.

Ал сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10616