Өспүрүм кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүргөн. Сот ага өкүм чыгарды
RU

Өспүрүм кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүргөн. Сот ага өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Панфилов райондук соту жаңы төрөлгөн баласын өлтүргөн 17 жаштагы өспүрүмгө тарбиялоого мажбурлоо түрүндөгү өкүм кылды. Мындай чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Анда айтылгандай, 2022-жылы июнь айында жашы жете элек кыз өзү иштеген мекеменин аймагында жайгашкан бөлмөсүндө өз алдынча төрөгөн. Ал ымыркайдын көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайып, наристе каза болгон. Өспүрүмгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Эне тарабынан жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган.

Соттолуучу күнөөсүн моюнга алып, кылганына өкүнүп, өкүм чыгарууда жашы жете электигин жана мурда соттолбогондугун эске алууну суранган.

Сот муну эске алып, кызга тарбиялоо мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну дайындап, кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Ал ата-энесине жана көзөмөлдөөчү органдарга өткөрүлүп берилди.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10617