Бишкектин таштанды таштоочу жайына завод кура турган компаниялар тууралуу эмне белгилүү?
RU

Бишкектин таштанды таштоочу жайына завод кура турган компаниялар тууралуу эмне белгилүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин таштанды таштоочу жайына таштандыларды кайра иштетүүчү завод кура турган чехиялык ReeGreen s.r.o компаниясы 2022-жылы катталган. Бул тууралуу Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды.

Депутат ошондой эле ишкана жаңы түзүлгөндө анын уставдык капиталы 450 долларды гана түзгөнүн белгиледи.

"Кандай ойлойсуз, жакында эле түзүлгөн компанияга ишенсе болобу?", - деп жазды ал.

Эске салсак, 1-мартта Бишкектин таштанды таштоочу жайына чехиялык ReeGreen s.r.o компаниясы таштандыларды кайра иштетүүчү завод курары белгилүү болгон. Курулуштун баасы 45 миллион доллар, өзүн актоо мөөнөтү 15 жыл. Мэрия буга чейин чехиялык HDT Impex s.r.o компанияларынын консорциуму менен таштандыларды кайра иштетүү комплексин куруу боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына жана токтомго кол койгонун маалымдаган.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду курууда чоң тажрыйбасы бар делген чехиялык ReeGreen s.r.o компаниясын тандап алышканын маалымат жыйында билдирген. Ошондой эле, мэрдин айтымында, ишкананын курулушуна кеткен бардык чыгымдарды компания өз мойнуна алат, муниципалитет нормативдик-укуктук базаны гана даярдап жатат.

Протоколго да кол коюлган HDT Impex (чехиялык компаниялардын консорциуму) расмий сайтында компания 1994-жылдан бери жарыктандыруу, үн жана мультимедияны долбоорлоо, өндүрүү жана орнотуу тармагында ийгиликтүү өнүгүп келе жаткандыгы белгиленген. "КВ Арена" стадионунда, Карловы Варынын үстүндө жана дүкөндөрдө мультимедиялык LED дисплейлер, ошондой эле жер-жерлерде үн системалары орнотулганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок ишкана таштандыларды кайра иштетүүчү завод курганы тууралуу эч жерде сөз жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10623