Таштанды таштоочу жайдын ордуна өрттөөчү завод куруу сунушталууда
RU

Таштанды таштоочу жайдын ордуна өрттөөчү завод куруу сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы таштанды таштоочу жайдын ордуна өрттөөчү завод куруу боюнча жаңы компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров парламенттин депутаттары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул компания 37 өлкөдө ушундай заводдорду курган.

"Түтүн эмес буу чыгат. 20 МВт электр энергиясы дээрлик кичи ГЭСтей болуп өндүрүлөт. Эки көйгөйдү ушинтип чечсе болот: электр энергиясынын жетишсиздиги жана таштандыларды чыгаруу. Таштандыларды көмүүнүн кереги жок. Кум, топурак бар болсо кирпич чыгарса болот. Таштандысыз өндүрүш иштейт", - деди мэр.

Абдыкадыровдун айтымында, бийликтен уруксат берилсе, завод бир жарым жылда курулат.

"Инвесторлор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышты, биз аны жакында өлкө жетекчилигинин кароосуна сунуштайбыз. Эгер макулдук алсак, курулуш иштери башталышы мүмкүн", - деп жыйынтыктады мэр.

Эске салсак, көп жылдардан бери бишкектиктерге таштанды маселесин чече турган таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу убадасы берилип келген. Бул максаттар үчүн ЕРӨБ жана Евробиримдик 2011-жылы мэрияга 22 миллион евро бөлгөн (ЕРӨБ кредити – 11 миллион евро, ЕРӨБ гранты – 3 миллион евро, Евробиримдиктин гранты – 8 миллион евро), бирок завод курулган эмес. Завод эмес, таштанды сорттоочу линиялар болот деп айта башташты, бирок ал да али курула элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6225