Нурлан Мотуев аялы менен ажырашуусунун себептерин айтты
RU

Нурлан Мотуев аялы менен ажырашуусунун себептерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурлан Мотуев өзүнөн 27 жаш кичүү жубайы менен ажырашканын айтып чыкты. Ал келинчегинин банктагы эсебине бир батир жана унаага жете турган каражат которгонун айтты.

Мотуевдин айтымында, ажырашуунун себептери көп, анын ичинде акча жана акыркы окуя себеп.

"Элнура экөөбүз 3 жыл жашадык. Менден 27 жаш кичүү экенине карабай, саясий туткун болуп жүргөндө жанымда болгонуна рахмат", - деди ал.

Нурлан Мотуев бул кайрылууну жасоого аргасыз болгонун "себеби Элнура элге туура эмес маалымат жеткирип жатат" деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, 23 жаштагы келин Нурлан Мотуев аны зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган. Кийин Мотуев бул айыптоону четке кагып, үйүнө кол салуу болгонун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10633