Нурлан Мотуев түн ичинде үйүнө кол салган адам ким экенин айтты
RU

Нурлан Мотуев түн ичинде үйүнө кол салган адам ким экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурлан Мотуев түн ичинде үйүнө белгисиз адамдар кол салганын айтып, окуядан кийинки видео менен бөлүштү. Ал бул ишти зордуктады деп арыз жазган келин кылган деп эсептей турганын билдирди.

"9-февралда түн ичинде биздин үйгө кол салуу болду. Тиги бечаранын кылганы го. Келинчегим эшикти каккылап жатышканын айтты. Чындап эле тарсылдаган үндөр чыгып жатыптыр. Дароо милиция кызматкерлерин чакырдым. Унаамдын номерин чечип кетиптир. Таш менен дубалды уруптур. Дарбазаны ачык таштап кетишиптир", - деди ал.

Ал эми арыз жазды делинген келин социалдык тармактагы баракчасына унаанын номеринин сүрөтүн жарыялап, "Рахмат десең болот, денеңе залал келтирген жокмун" деп жазган.

Буга чейин 23 жаштагы келин Нурлан Мотуев аны зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10264