ЖРТга каттоо жыйынтыкталды
RU

ЖРТга каттоо жыйынтыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоо 6-апрелде жыйынтыкталды.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев ЖРТга каттоо 27-февралда башталып, 7-апрелге чейин уланарын билдирген.

Кыргызстандын мектептеринде алдын ала маалыматтар боюнча 11-класста 69 миң, 9-класста 115 миң бүтүрүүчү окуйт.

ЖРТ системасы боюнча эч нерсе өзгөргөн эмес: негизги жана кошумча тесттер болот.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10636