Баалуу металдар департаментинин жооптуу кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө
RU

Баалуу металдар департаментинин жооптуу кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын УКМКдан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде 209-берене (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10637