Сот Равшан Жээнбековго жакындары менен жолугушууга уруксат берди
RU

Сот Равшан Жээнбековго жакындары менен жолугушууга уруксат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камактагы Равшан Жээнбековго жакындары менен жолугушуу өткөрүлөт. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин жактоочу Бишкектин Биринчи Май районунун тергөө судьясына камактагы саясатчыга жакындары жолуга албай жана дарыланып жатканына байланыштуу арыз жолдогон.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Тилек Турдукулов буга чейин Жээнбековду туугандары менен жолугушууга уруксат бербей койгон тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун чечимин негизсиз деп тапты.

"Натыйжада судья тергөөчүгө Жээнбековду жакындары менен жолугушуусуна мүмкүнчүлүк бербеген мыйзам бузууну четтетүүнү тапшырды", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10641