Массалык баш аламандыктарды даярдоо иши. СИЗОдо калгандарды тизмеси
RU

Массалык баш аламандыктарды даярдоо иши. СИЗОдо калгандарды тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук соту 15-февралда Кемпир-Абад окуясы боюнча бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелгендердин баш коргоо чарасын дагы узартууну карады.

Камактагы активисттер жана саясатчылар боюнча сот төмөнкүдөй чечим чыгарды:

  • Орозайым Нарматованын үй камагын 2023-жылдын 20-апрелине чейин узартты;
  • Али Шабдан 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта;
  • Равшан Жээнбеков 2023-жылдын 20-апрелине чейин СИЗОдо;
  • Акыл Айтбаев 2023-жылдын 20-апрелине чейин СИЗОдо;
  • Бектур Асановдун СИЗОдо камоо мөөнөтү 2023-жылдын 20-апрелине чейин узартылды;
  • Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта;
  • Кеңешбек Дүйшөбаев 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта;
  • Активист Илгиз Шаменов да 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта болот. Мындан тышкары, ага 2020-жылга карата социалдык тармактарда билдирүүлөрдү жарыялоого байланыштуу жаңы айыптар тагылган;
  • Таалай Мадаминов 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта;
  • Улукбек Маматаев 2023-жылдын 20-апрелине чейин камакта болот.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10350