БУУ: Кыргызстанда калктын жарымы туура тамактанууга чамасы жетпейт
RU

БУУ: Кыргызстанда калктын жарымы туура тамактанууга чамасы жетпейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда кыргызстандыктардын 49,6% туура тамактанууну кармана албайт. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматында айтылат.

Анда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын жашоочуларынын 49,6 пайызы туура тамактанууга чамасы келбейт. Ошол эле учурда Азербайжандын жарандары тамактануу рационунда пайдалуу тамак-аштын болушун толук камсыздай алышат, ал эми Армения – 4,29%, Беларусь – 0,2%, Казакстан – 1,2%, Молдова – 6,7%, Россия – 3,5% жана Тажикстан – 4,2% камсыздайт.

Постсоветтик өлкөлөрдө туура тамактануунун баасы да ар кандай. Мисалы 2020-жылы туура тамактануунун суткалык баасы Азербайжанда 2,5 доллар, Беларуста 3,3 доллар, Казакстанда 2,6 доллар, Кыргызстанда 3,1 доллар, Молдовада 2,8 доллар, Орусия менен Тажикстанда 3,4 долларды түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10647