Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Болгариядагы мелдеште алтын медаль утушту
RU

Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Болгариядагы мелдеште алтын медаль утушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешинде Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов жеңишке жетти.

Белгилүү болгондой, Шаршенбеков 60 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда ирандык балбанды 10:2 эсебинде утуп алды. Ал эми финалда польшалык балбан менен килем үстүнө чыгып, жеңишти камсыздады.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күч сынашып, финалда армениялык балбанды жеңип алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10677