Бишкекте жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көбөйүшүнө каршы митинг болоору айтылды
RU

Бишкекте жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көбөйүшүнө каршы митинг болоору айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-мартта бир катар кыргызстандыктар жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун көбөйүшүнө каршы тынчтык митингин өткөрүүнү көздөшүүдө.

Алардын пикиринде, айып пулдун көбөйүшү коррупцияга алып келет. Эркиндик бульварында нааразылык акциясы башталар алдында, темир жол вокзалынын жанына он чакты милиция кызматкерлери чогулду. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булак белгилегендей, бул жерде ар кандай нааразылык акцияларын жана митингдерди өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынгандыктан, милиция кызматкерлерине баш ийбесе катышуучулар камакка алынат.

Эске салсак, буга чейин 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга жаза катаалданары белгилүү болгон. Садыр Жапаров өз пикирин билдирип, "коом тескерисинче, жазаны катаалдаштырууну колдошу керек" деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10697