Ошто СИЗОдо отурган айыпталуучу өз жанын кыюуга аракет кылган
RU

Ошто СИЗОдо отурган айыпталуучу өз жанын кыюуга аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто СИЗОдо отурган айыпталуучу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ага өз убагында жардам көрсөтүлгөнүн Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2022-жылы 10-декабрда 1984-жылы туулган К.У.Ж аттуу жаран (165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пункту, 4-бөлүгүнүн 3-пункту менен айыпталган) Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан №25 мекемеге которулган.

"13-декабрда ал ачкачылык жарыялаганын айтып, тергөө изоляторунун администрациясына арыз менен кайрылган. Ал кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан физикалык күч колдонулганын айтып, жалпысынан ага коюлган айыптар негизсиз экендигин билдирген. Кийинчерээк ачкачылыгын токткон.

17-февралда айыпталуучу Ош сотунун өкүлдөрүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ачкачылык жарыялап жатканын билдирген.

2-мартта саат 23:00 чамасында айпталуучу К.У.Ж. СИЗОнун камерасында өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны нөөмөтчү өз убагында байкап калып, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен.

"Учурда айыпталуучу ачкачылыгын улантууда, башкача айтканда суу, чай ичет. Анын кан басымы жана ден соолугунун абалы системалуу түрдө жана зарыл болгон учурда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10711