Таласта убактылуу кармоочу жайда отурган жаран футболкасына асынып алды
RU

Таласта убактылуу кармоочу жайда отурган жаран футболкасына асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өз жанын кыйды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге окуя 31-октябрда катталганын билдиришти.

"Бүгүн саат 13:30 чамасында Талас ОИИБдин убактылуу ​кармоочу изоляторунан 28 жаштагы Талас шаарынын Р.У. аттуу тургуну камерада өзү кийип жүргөн футболкасына асып каза болду. Нөөмөтчү анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган. ОИИБдин ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшерүү жүргүзүштү", - дешет башкармалыктан.

Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү ​ жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9088