Зордуктоо фактысын жашырууга аракет кылган милиция кызматкерлери менен эксперт кармалды
RU

Зордуктоо фактысын жашырууга аракет кылган милиция кызматкерлери менен эксперт кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү менен эксперти зордуктоо фактысын жаап-жашыруу боюнча кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алар 2022-жылдын апрель айында 13 жаштагы А.Ж. өз жанын кыйганын билдиришкен. Ага чейин беш ай мурда (2021-жылдын ноябрь айында) Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине кыздын агасы кайрылган. Ал карындашын таап берүүнү суранып, үч күндөн кийин кыз табылган. Секелек кыз 21 жаштагы жигит менен жүргөнү, аны менен жыныстык катнашка барганы белгилүү болгон.

Бардык жагдайлар такталгандан кийин кылмыш иши катталган аймагына байланыштуу Ленин РИИБине өткөрүлгөн.

Жабырлануучу Ленин РИИБде суракка алынып, кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Натыйжада кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилбей, иш жабылган. Күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча, экпсертизанын корутундусу 13 жаштагы кыз 17-18 жаштагыдай көрүнөт деп чыккан.

Андан кийин кыз өз жанын кыйган. Суицидге эмне себеп болгону азырынча тактала элек. Бирок секелектин агасы арыз жазган. Ал карындашы 2021-жылдын ноябрь айында зордуктоого кабылган деп эсептейт.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Ленин РИИБдин эки тергөөчүсүнө жана бир экспертке кылмыш ишин козгоду. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кызды зордуктоого шектүү дагы кармалды.

Айрым маалыматтарга караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Свердлов РИИБдин кызматкерлерин, ошондой эле Ленин районунун прокуратурасы менен райондук ички иштер бөлүмүн текшерүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10721