УКМК Бишкектеги муниципалдык жерлерди басып алганга шектүүлөрдү кармады. Алар...
RU

УКМК Бишкектеги муниципалдык жерлерди басып алганга шектүүлөрдү кармады. Алар...

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан "Бишкекбашкыархитектура", Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында коопусуздук комитетинен маалымдашты.

Такталгандай, жогорудагы мекемелердин кызматкерлери документтерди жасалмалоо менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып, өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмди уюштурушкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелери жалданма адамдарга катталган. Иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.

6-мартта аты аталгандар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшүн да бузууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10723