Атай Өмүрзаковдун нааразычылыгы боюнча ТИМдин билдирүүсү
RU

Атай Өмүрзаковдун нааразычылыгы боюнча ТИМдин билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийчи Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине карата нааразычылыгын айтып чыккан. Ал виза маселеси боюнча кайрылганын, бирок өкүнүп калганын билдирген.

Тышкы иштер министрлигинен Kaktus.kg сайтына бийчи мекемеге кайрылбаганын билдиришти. Консулдук департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукееванын айтымында, Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигинин бир да кызматкери менен виза тууралуу сүйлөшкөн эмес.

"Бийчинин билдирүүсүнөн кийин ТИМден байланышка чыгып, сүйлөшүп, такташтык. Андан кийин ал өзүнүн жазган постун кайра алды. АКШга виза алуу боюнча суроосу бар экен. Бирок ал маселе боюнча үчүнчү жактын комментарийи ТИМдин атынан жазылып калганы үчүн Атай Өмүрзаков билдирүүсүн өчүрдү", - дейт Айымкан Кулукеева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10753