Депутат Ысык-Ата районундагы мектеп, бала бакчалар жеке жактарга сатылып жатканын билдирди
RU

Депутат Ысык-Ата районундагы мектеп, бала бакчалар жеке жактарга сатылып жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы мектептер, мектеп алдындагы тилкелер жана бала бакчалар сатылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал жер ресурстары кызматына мектеп жана бала бакчалардын ээлери тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок мындай маалымат үй ээлеринин өздөрүнө гана бериле тургандыгын айтып, тиешелүү мекеме депутатка жооп берүүдөн баш тарткан.

Андан тышкары, эл өкүлү Ысык-Атадагы сейил бактын сатылышы тууралуу маселени көтөрдү.

Имарат жайгашкан жердин атын эле өзгөртүп коюп сата бергенге болобу? Негизи Ысык-Атадагы сейил бак "Маданият паркы" деп аталат. Азыр "Эмен багы" болуп өзгөртүлүп калган. Ал Кант шаарына 2000-жылдары берилген. Бирок, муну Мамлекеттик каттоо жашырып жатат. Себеби, ал сейил бакты сатууга камдап жатышат. 102 га жер сатылып кетиптир. Бул сейил бактын жери Айыл чарба министрлигине өткөрүл берип, өкмөттүн токтому ишке ашырылышы керек",- дейт Акбөкөн Таштанбеков.

Ал белгилегендей, коррупцияга аралашкан адамдар Айыл чарба министрлигинин жетекчи орун басарлары болуп, ал эми айыл өкмөткө милициядан жаман себептер менен бошотулган адам дайындалып жатат.

"Мага Мамлекеттик каттоонун органдары жооп бербей жатканынын дагы бир себеби бар. Ооба, мен буга чейин дагы коррупциялык схемаларды аныктагам. Ысык-Ата районунун администрациясынын мекемеси, жугуштуу оорулар ооруканасы,мектеп, ФАП, мектептин жанындагы аймак дагы сатылып кеткен. Бул маселе боюнча Прокуратурага кайрылдым. Алар, ооба, мыйзам бузулган бирок, иштин чектөө мөөнөтү өтүп кеткен деп айтып жатышат. Эмнеге мындай мөөнөт карапайым адамдарга гана иштеши керек?! Биз мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тарткандын ордуна кайра министрдин орун басарына чейинки кызматтарды берип жатабыз?! Мына ошолор мага керектүү маалыматтарды бердирбей атат",-деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10763