29 млн. доллар грант гомосексуалдарга коротулабы? Депутаттар тынчсызданууда
RU

29 млн. доллар грант гомосексуалдарга коротулабы? Депутаттар тынчсызданууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети" деген иш-чарага 884 миң доллар сарптоо пландалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.

Ал Глобалдык фонддон бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтты.

Парламенттен кайрылуу жасаган эл өкүлү буга бөгөт коюу керектигин билдирди.

Анын айтымында, Глобалдык фонд ар үч жыл сайын ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга грант берет. 2024-жылы 29 миллион доллар бөлүнөрү кабарланган. Депутат өзү да ал каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссияга былтыр декабрда мүчө болгон.

"Аталган грант - өлкөнүн саламаттык сактоо системасына колдонула турган ири өлчөмдөгү каражат. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда бул грантты Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу алып, мамлекетке отчет берип турат. Ал эми бизде ПРООН өзгөчө статуска ээ болгондуктан каражаттын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат бербейт. Демек, кайсы багытка канча сарпталып жатканын эч ким билбейт", - деди Садырбаева.

Депутат комиссия кийинки жылы алына турган грантты кандай максатта колдонууга өтүнмө бергенин, бирок анда түшүнүксүз жагдайлар камтылганын айтты.

"4,5 миллион доллар грантты тейлөөгө эле кетет. Аны ПРООН алат. Бул ПРООНдо иштегендер өздөрүнө эмгек акысы. Маалыматтагы сандар көптөгөн суроолорду жаратат. "Коомдоштуктар" деген система эмне болгон система? Алдын алуу системалары деген эмне? Кандай иш чаралар, кандай багытта жүргүзүлөт? Алар кандай максатты көздөйт? Суроолор көп, жооп жок. "Коомдорду бекемдөө системасы" деп 226,2 миң, "Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети" дегенге 884 миң доллар алууга белсенип жатат. Анысы эмне экенин эч ким түшүндүрүп бербейт.,- деди эл өкүлү.

Буга ылайык, эл өкүлү өзү каражатты бөлүштүргөн комиссиянын тобун жоюп, мамлекеттин атынан өтүнмө берип, укуктук-ченемдик актыларды кабыл алып, жаңы комиссия түзүүнү суранды.

"Азыркы комиссиянын курамында мамлекеттик сектордон тогуз, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 14 мүчө бар. Каражат бөлүштүрүүдө ушулар көпчүлүк добуш менен эле жеңип кетет. Алардын жеке кызыкчылыктары бар. Грантты алуучу катары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги болушу керек. Ал ар бир тыйынына чейин жооп берип турат. Бул комиссия 2016-жылы түзүлгөн. Ошондон бери ушундай эле бөлүштүрүп келишкен. 2021-жылы да болжол менен ушундай эле суммада бөлүнгөн. Каражаттын ВИЧ, кургак учукка каршы күрөшүү үчүн келип жатканы жакшы, бирок анын кандай сарпталып жатканында маселе болуп жатпайбы", - деди Садырбаева.

Бул арада төрага Нурланбек Шакиев депутаттын айткан сөзүнө терең маани берүү керектигин белгиледи.

"Биздин бир топ жаштарыбызды бейөкмөт уюмдар кайсы жакка алып баратат? Кайсыл каражаттар менен? Бул биздин келечегибизге өтө чоң сокку. Бул жерде трансгендерлер тууралуу сөз болуп жатат. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай өсүп баратат. Мунун менен кескин күрөшүүбүз керек. Бул маселени өкмөт дагы карашы керек. Биздин тиешелүү комитет дагы бул маселе боюнча иш алып барышыбыз керек.",- деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10778