Кадамжайда 11 тургунду алдап кеткенге шектелген аял кармалды
RU

Кадамжайда 11 тургунду алдап кеткенге шектелген аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжайда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүүнүн үстүнөн жалпы 11 арыз түшкөн.

Такталгандай, 2022-жылдын июль айында Майдан айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынан гилас мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кетке. Жалпысынын 11 адам милицияга арыз менен кайрылып, келтирилген зыян 270 000 миң сомду түзгөн.

Арыздар 209-берене (Алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү аныкталды. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун 40 жаштагы К.Н. аттуу тургуну экени такталып, Ош облусунан кармалды.

Шектүү мурда да алдамчылык менен жоопко тартылгандыгы белгилүү болду. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10793