Жалал-Абадда милициянын жетекчиси ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү
RU

Жалал-Абадда милициянын жетекчиси ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, базарларда, соода маркеттеринде ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Маалыматты облустук милициядан билдиришет.

Жолугушууда Абитов жергиликтүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу зарылдыгын айтып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошууга чакырды. Ар бир жаран ишкердиктен түшкөн пайданы жашырбашы керектигин айтып, салыкты өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти. Мамлекеттин казынасына түшкөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, коопсуздук, эмгек акы, социалдык маселелерди чечүүдө колдонулуп келе жатканын белгиледи.

Мындан сырткары милицияга байланыштуу кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө аракет кыларын, жарандардын арыз-даттануулары милициянын көчмө кабылдама унаасында дагы кабыл алынарын айтты.

Ошондой эле жол эрежелерин так сактоого, адам өмүрү менен коштолгон кырсыктардын алдын алууга, спирт ичимдигин ичип унаа башкарбоого чакырды.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин начальниги Ассрор Тантиев жарандарды кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, ысырапкерчиликтин алдын алууда биргелишип иштөөгө үндөдү.

Белгилесек, Бишкекте жана башка аймактарда ККМ аппараттарын колдонууга каршы митингдер өтүп жатат. Соодагерлер, жеке ишкерлер кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу нормасын, товардын электрондук коштомо кагазын колдонууга жана соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы болушууда. Алар патенттик салык системасында калтырууну талап кылышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10798