Режиссёр Марат Сарулунун сөөгү жерге берилди
RU

Режиссёр Марат Сарулунун сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Сарулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 11- мартта өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, коштошуу зыйнаты саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болду.

Узатуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Макутов баштаган чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты.

Марат Сарулу 2023- жылдын 9-мартында күтүүсүздөн дүйнө салган. Маркумдун сөөгү Мамлекетттик "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

Марат Сарулу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр, сценарист. Кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон. Соңку жылдары Марат Сарулу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Кино" кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10800