Си Цзиньпин Кытайдын төрагасы болуп кайрадан шайланды. Жапаров куттуктоо жөнөттү
RU

Си Цзиньпин Кытайдын төрагасы болуп кайрадан шайланды. Жапаров куттуктоо жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Си Цзиньпин Кытай Эл Республикасынын төрагасы жана Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланды. Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта Си Цзиньпинди куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин администрациясы жарыялады.

"Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуналык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө. "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуналык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө абдан чоң түрткү берди.

Сиз менен жеке байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенимди билдирем", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10803