Депутаттыкка талапкер болгон Муртазалиев эл аралык турнирде күмүш медаль утту
RU

Депутаттыкка талапкер болгон Муртазалиев эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Абдурахман Муртазалиев эл аралык джиу-джитсу боюнча турнирде күмүш медаль утту. Ал Лондондо өткөн AJP GRAND SLAM - LONDON 2023 мелдешинде күч сынашкан.

Белгилүү болгондой, турнирге дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн эң мыкты спортчулар катышкан.

Муртазалиев профессионалдар - кара курдун ээлери арасында 85 килограмм салмакта беттешип, финалда учурдагы чемпион - бразилиялык Жансен Рамоско утулуп калган.

Кыргыз спортчусунун жарым финалдагы кармашы:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10808