Министр "5-канал" менен "Пирамиданын" алдыдагы ишмердүүлүгүнө тынчсызданды
RU

Министр "5-канал" менен "Пирамиданын" алдыдагы ишмердүүлүгүнө тынчсызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "5-каналдын" жана "Пирамида" медиахолдингинин келечегине кызыкты.

Министрлер кабинети 2023-2025-жылдарга Кыргызстандын мамлекеттик мүлкүн менчиктештирүү программасынын долбоорун иштеп чыкканына токтолуп, анда "5-канал" жана "Пирамида" телеканалдарды менчиктештирүү аларды сатуу дегенди түшүндүрбөй турганын, болгону бир менчик ээсинен экинчисине которуу экенин белгиледи. Буга чейин телеканалдар Бишкек мэриясынын карамагына өтөрү айтылган.

"5-канал" боюнча Каржы министри менен сүйлөштүк, карыз боюнча суроолор бар. Мэрия таза активге ээ болуп, андан ары иштеткиси келет. Же кайра форматталат, бирок Бишкектин өзүнүн телеканалы болот, анткени борбор калаанын жашоосу абданткызыган, кээде басма сөз кызматтар калкты маалымат менен камсыздай албай калат", - деди ал.

Анын айтымында, телеканалдардын маселесин чечүү үчүн аудит жүргүзүлүшү керек. Данияр Амангелдиев "5-каналдын" жана "Пирамида" медиахолдингинин жабылышы мүмкүн деген маселеге да токтолду.

"Мындай ой дагы бар, анткени "5-каналдын" 36 миллион сомго жакын карызы бар. Телеканалдын ишмердүүлүгүн улантуу канчалык максатка ылайыктуу? Эми эки эселенген чыгым болот экен.

Биринчиден, 36 миллион сом карызды төлөш керек, андан кийин телеканал да техникалык жактан жабдылышы керек. Бул кошумча чыгым", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10835