Төрт айлык наристенин өлүмү боюнча акушер кармалды. Ал бала сатууга шектелүүдө
RU

Төрт айлык наристенин өлүмү боюнча акушер кармалды. Ал бала сатууга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги клиникалардын биринин акушер-гинекологу төрт айлык наристенин өлүмүнө байланыштуу кармалды. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, ал балдарды сатууга шектелүүдө.

Маалым болгондой, аталган факты боюнча 11-апрелде "Балдарды сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Клиниканын мурдагы кызматкери – акушер-гинеколог А.Б., башка (белгисиз) адамдар менен алдын ала бүтүм түзүп, белгиленген ченемдик укуктук актыларга, балдар жөнүндө мыйзамга жана өкмөттүн токтомуна каршы бала сатууну уюштуруп, өзгөчө оор кылмыш жасаган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1963-жылы туулган А.Б. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкектин Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунда (балдар үйүндө) чарчап калган төрт айлык баланын өлүмү боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле ымыркайды багып алган энесинен тартып алып, баладр үйүнө өткөрүп берген Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине жана социалдык коргоо кызматкерлерине карата "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун директору бала төрт ай бою бейтааныш адам тарабынан дарыгерлердин көзөмөлү жок кармалып, эч кандай эмдөө жасалбаганын билдирген. Мындан тышкары наристени аял сатып алганы белгилүү болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Коммерсантъ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16025