Жыл башынан бери мандатын тапшырган ЖКнын депутаттары. Тизме
RU

Жыл башынан бери мандатын тапшырган ЖКнын депутаттары. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын башынан бери Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мандатын тапшырды. Бош калган депутаттык орунга жаңы депутаттар келсе, айрымдарынын ордуна кайра шайлоо белгиленди.

Kaktus.kg ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттарды тизмектеп көрдүк.

Эмил Жамгырчиев

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин суранычынан кийин 10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Андан кийин Жамгырчиев мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу тууралуу арыз жазып, БШК анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Анын ордуна Элдар Абакиров Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Абдыбахаб Боронбаев

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгондон кийин анын ордуна "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке Абдыбахаб Боронбаев келген.

Анын Райымбек Матраимовго байланышы бар деген кептерден кийин 2024-жылдын 14-февралында депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Боронбаевдин ордун Саидбек Зулпуев ээледи.

Искендер Матраимов

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Суу районунун депутаты Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду (Искендер Матраимовдун бир тууганы) издөөгө салган. Мындан тышкары Райымбек Матраимов менен байланышы барлар менен күрөш башталганы айтылган.

Кара-Суу округу боюнча кайра шайлоо 28-апрелде өттү, жыйынтыгы 12-майга чейин чыгат.

Нурлан Ражабалиев

Нурлан Ражабалиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына Баткен шайлоо округунан шайланган. 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын токтотту. Анын ордуна ким депутат болуп келерин кайра шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.

Айбек Осмонов

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Айбек Осмоновдун Райымбек Матраимовго байланышы бар экени, андан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткени айтылгандан кийин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. 13-мартта БШК Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Азырынча анын ордуна ким депутат болору белгисиз, кайра шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.

Эмилбек Жусупов

Жогорку Кеңешке "Ишеним" фракциясынан депутат болуп келген Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктары 22-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.

Анын ордуна "Алыш" бел боо күрөшү боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти Советбек Рустамбек уулу депутат болуп келди.

Жусупбек Коргонбай уулу

23-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ага чейин Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди айыптап, министр депутатты сотко берген эле. Кийинчерээк Садыр Жапаров министр менен депутаттын ортосундагы жагдай боюнча комментарий берген.

Эми ал шайланып келген №5 Ноокат шайлоо округунда кезексиз депутаттык шайлоо өткөрүлөт.

Максатбек Сарбагышев

25-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алдыда ал шайланып келген Ысык-Көл округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Адахан Мадумаров

26-апрелде БШК "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечимге Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун депутатка карата чыгарган өкүмү негиз болгон. "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Адахан Мадумаров былтыр "мамлекетке чыккынчылык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча камакка алынган. Ушул жылдын март айында Биринчи Май райондук соту депутатты күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошоткон.

Шайлообек Атазов

30-апрелде Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызды карап, буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.

Атазов 2022-жылы депутаттыкка Свердлов шайлоо округунан аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон болчу. Муртазалиев баарынан көп добуш алганы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Буга ылайык, мандат экинчи орундагы Атазовго берилген. Ал эми Муртазалиев сотко даттанган, эми БШК мандатты Муртазалиевге береби, жокпу азырынча белгисиз.

Белгилесек, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттарынын ичинен Орозайым Нарматова, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов жасалма диплом чырынан мандаттарынан ажыратылса, Жаныбек Абиров мушташтан улам мандатын тапшырган. Ал эми БШК Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратып, сот аны добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16013