Баткендин эң алыскы Зардалы айылына жол салынат
RU

Баткендин эң алыскы Зардалы айылына жол салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун тоо боорундагы эң алыскы Зардалы айылына жол салынат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.

"Долбоор жасалып башталды. Эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат. Бирок, тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар.

Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн "чөнтөкчөлөр" жасалат. Азырынча "жоктон көрө жогору дегендей" бир тилкелүү жол салып туралы.

Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл", - деди өлкө башчы.

Белгилесек, Зардалы айылын башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жол бар. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15934