Көк бөрүдөгү күчөтүлгөн эрежелер, көчмөндөр оюндарына киргизүү аракети тууралуу маек
RU

Көк бөрүдөгү күчөтүлгөн эрежелер, көчмөндөр оюндарына киргизүү аракети тууралуу маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрү оюну менен кыргыз күрөшү киргизилбегени маалымдалган. Көк бөрүнү программага кошуу боюнча Кыргызстан менен Казакстан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Джунусалиев Kaktus.kg сайтына коңшу тарап менен жүрүгүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр боюнча айтып берди.

Көк бөрүнүн программага киргизилбей калышынын себеби

Алардын түшүндүрмөсү боюнча, көк бөрү менен көкпар бир эле оюн экен. Эрежелеринин баары окшош, болгону улакты бирөө тайказанга таштаса, бирөө жерге (белгиленген чийинге) таштайт. Биз 2014-2016-2018-жылдары көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөндө көк бөрү оюну программада болгонун айттык. Андан тышкары Түркияда өткөн оюнда да көзгө басар оюнубуз ойнолгонун баса белгиледик. Алар көкпар оюну мурдагы иш-чараларга эмнеге кирбегенин сурашты. Көкпар оюну 2019-жылы расмий түрдө каттоодон өткөн, жаңы оюн дедим. Биздин көк бөрү оюнубуздун эрежесин эле алып, тайказанды жок кылып коюшкан.

Учурда улуттук оюндарды программага киргизүү боюнча бир нече сүйлөшүүлөр болду. Бул акыркы чечим эмес, чекит коюла элек. Биз дагы коңшу тарапка өзүбүздүн талаптарды койгонбуз.

Улуттук оюндарды расмий оюн катары бекитүү ниетибиз бар

Улуттук оюнубуз программага кире турган болсо биз көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда алып барып, оюн көрсөткөнгө даярбыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору катары Кыргызстан бул оюнду даңазалоого кызыкдар. Биздин көзгө басар эки оюнубузду программага кошпой койсо капа болуп калат экенсиң.

Буюрса, коңшу тарап менен тил табышып, улуттук оюндарды киргизип алсак, кийинки оюнду Кыргызстанда өткөрөлү деген ниет коюп жатабыз. Эгер кезек өзүбүзгө келип калса улуттук оюндарыбызды прогамманын ажырагыс бөлүгү кылып бекители деген ойлорубуз бар.

Кудай буюрса, көк бөрү да, кыргыз күрөшү да Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына киргизилет деген ишеничибиз, үмүтүбүз чоң.

Белгилесек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.

Көк бөрү оюнундагы өзгөртүлгөн эреже

Оюнчулардын коопсуздугу үчүн эрежелерди күчөттүк. Эгер улакчы күлүктү катуу чапса кызыл карточка берүү менен 1 оюндан же 1 жылга чейинки мөөнөткө мелдештерден четтетебиз. Көк бөрүчүлөрдүн практикасынан, алардын бир катар сунуштарын эске алуу менен эрежелер күчөтүлдү. Андан тышкары дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ар бир спортто эрежелер жаңыланып турат. Биз дагы эрежелерди жаңылоону максат кылдык. Учурда Нооруз турниринде жаңы эрежелер колдонулуп жатат. Алдын ала калыстар да, команда жетекчилери, оюнчулар да даярдыктардан өтүшкөн.

Оюнчулардын коопсуздугу күчөтүлөт

Быйыл, 2024-жылдан баштап чабандестердин баарын камсыздандыруудан өткөрүп баштадык. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму оюн учурунда жаракат алган оюнчунун 200 миң сомго чейинки чыгымдарын төлөп берет. Көк бөрүчүлөр 1 жылга 2800 сомго камсыздардыруудан өтүп турушу керек. Учурда Жогорку Лига, Биринчи жана Экинчи Лиганын оюнчуларына камсыздандыруудан өтүүсү милдет болуп эсептелет. Анткени биздин расмий оюндарыбыз мартта башталды. Андан кийин май айында да уланат. Ошондуктан 1 ай аралыгында чабандестерди камсыздандыруудан өткүлө деп жатабыз. Ал эми аймактардагы жергиликтүү команданын оюнчуларын бара-бара камсыздандыруудан өткөрөбүз.

Андан тышкары формалар боюнча адистер иштеп жатат. Көк бөрүчүлөрдүн баш кийими даярдалууда. Ошондой эле 100 пайыз коопсуз тайказан жасалып, колдонулуп жатат.

"Күйөрмандарга бүйүр кызыткан оюнду күнү-түнү көрсөткөнгө даярбыз"

Көк бөрү федерациясына жаңы ат майдан аба, суудай керек. Көк бөрү биздин улуттук оюнубуз деп дүйнөгө мактанабыз. Кыргыздын кыргыз болуп калышына биринчи тили, андан кийин маданияты, үрп-адаты, каада-салты керек. Алардын бир бөлүгү биздин улуттук оюндарыбыз. Көк бөрүнү дйнөгө таанытуу үчүн заманбап арена керек болууда. Кудай буюрса, мамлекет ошондой арена салып берсе биз күйөрмандарга 1-январдан 31-декабрга чейин күнү-түнү оюн көрсөтүп бергенге даярбыз. Туристтер суктанарлык оюндарды уюштура алабыз, мен ага ишенем. Учурда мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштады, буюрса бардык шарты бар ордо курулганы жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15726