Чүй облусунда Wildberries ишканасынын логистикалык борбору курулат
RU

Чүй облусунда Wildberries ишканасынын логистикалык борбору курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Wildberries ишканасы үчүн соода-логистикалык борбор курулат. Бул туурасында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди.

Айтымында, инвестициянын көлөмү 100 млн долларды түзөт. Wildberries компаниясынын соода логистикалык борбору 38 гектарга куруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров өлкөгө келген ар бир инвесторду "куда күткөндөй" сый менен тосуп алып, мамиле түзүүнү, ошол эле учурда ал инвесторлордун айткан сөзүнө ишене бербестен, реалдуу абалына карап, натыйжалуу иш алып барууну тапшырды.

"Инвестор келген соң, 3 айда долбоор боюнча алдын ала эсептөөлөр, техникалык экономикалык негиздеме, 6 айда долбоордун каржы булактары такталып, 9 айда ишканалардын курулушу башталып калуусу зарыл. Мурдагыдай жер участогун алып, 10 жылдап кыймыл аракетти баштабаган инвесторлорго туш болбоо үчүн баарын алдын ала так даана макулдашуу керек", - деди Жапаров.

Жыйындын соңунда министрлер кбаинетинин башчысы өлкөдө жасалып жаткан реформалар, анын ичинде көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, санариптештирүү тармагындагы алгылыктуу аракеттер туурасында маалымат берип, жалпы мамлекеттик кызматкерлерди өз ишин берилүү менен аткарып, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15542