Бишкекте кыздар мушташты. Жаңжалга катышкан модель окуя боюнча түшүндүрмө берди
RU

Бишкекте кыздар мушташты. Жаңжалга катышкан модель окуя боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте түнкү клубда мушташкан кыздардын видеосу интернетке тарады. Андан кыздардын сыртта урушуп жатканын көрүүгө болот.

Видеонун автору модель Сусанна Егорян ага кол салганын, андан кийин алар көчөдө мушташты улантышканын айтат.

Модель социалдык тармактагы баракчасына окуя боюнча түшүндүрмө берип, ал спортчу кыздар менен эс алып жүргөнүн айтат.

"Спортто жүргөн кыздар бирөөгө кол көтөрбөйт, ал эми элдин назарында болгондор ызы-чууга аралашпайт, керек эмес. Менин ушул убакка чейин мушташканымды көрдүңөр беле? Ал өзү келип эле "менин курбумду түртүп салдың" деп баштады. Андан кийин "сен мени муунттуң" деди. Менин бармагым да тийген эмес. Ал кыз көңүл чордонунда болгусу келди", - деди ал.

Бишкек ШИИБден окуя такталып жатканын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10856